20-октябрь – айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоо

Урматтуу айыл чарба кызматкерлери!
Сиздерди 20-октябрь – айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм.
Районубуздун калкы жер иштетүү жана мал чарбасы менен алектенет. Айыл чарбасы биздин экономиканын негизги тармактарынын бири болуп саналат.
Калкты айыл чарба продукциялары менен толук камсыз кылуу үчүн тынымсыз аракет кылып келген фермерлерибизге, дыйкандарыбызга терең ыраазычылыгымды билдирем.
Мамлекет тарабынан агрардык тармакка жеңилдетилген кредиттерди берүү, адистештирилген айыл чарба техникаларын лизинг шарттарында берүү, сугат тутумун калыбына келтирүү жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырып жатат.
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди, мол түшүм жана жалпы айыл чарба тармагынын өнүгүшүн каалайм.
Урматым менен,
Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев
Возможно, это изображение 1 человек и шляпа

Leave a Reply