2024-жылдын 11-мартынан 21-мартына чейин “Эмдөө жумалыгы” жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Кошумча эмдөө жөнүндөгү” №2/093 буйругунун негизинде кызамык вирусунун таралышын азайтуу жана алдын алуу максатында 2024-жылдын 11-мартынан 21-мартына чейин “Эмдөө жумалыгы” жарыяланып, 9 айдан 8 жашка чейинки балдарга кызылча, кызамык ооруларына каршы эмдөө жүргүзүү пландалган.
Район боюнча эмдөөдөн өтө турган балдардын саны 12331 баланы түзөт. Эмдөө иштери бала бакчаларында жана 8 жашка чейинки мектеп окуучуларына жүргүзүлүп жатат. Ал эми, балдар бакчаларына барбаган балдар үчүн медициналык мекемелерде атайын эмдөө пункттары иш алып барууда.
“Эмдөө жумалыгы” боюнча медицина кызматкерлери мектептерде, бала бакчаларында жана балдарын эмдөөгө алып келген ата-энелерге эмдөө жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, окууларды өтүп жатышат.

Leave a Reply