7-апрель – Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Көңүлдүү старт” спорттук оюну уюштурулду

7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Токтогул жалпы дарыгердик практикалык борборунун медицина кызматкерлеринин арасында “Көңүлдүү старт” спорттук оюну уюштурулуп, көнүгүү (гимнастика) жасоо менен башталып, аралыкка чуркоо эстафетасы болду. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Толук окуу…

“Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу иш-чарасы өттү

“Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Токтогул шаарынын карамагындагы Кайрак участкасында, А.Бердалиев атындагы N39 кесиптик лицейинде, А.Суеркулов айыл өкмөтүндө жана Токтогул шаарында көчөт отургузуу иш-чарасына катышты. “Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында жалпы район боюнча 2000 түп ар кандай көчөт отургузулду.

Толук окуу…

Райондун аймагындагы кезектеги ишембилик

6-аперль 2024-жылы айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында райондук ишембилик болуп өттү. Ишембиликте Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, эл алуу багы, Бишкек-Ош автожолунун жээги тазаланды. Ошондой эле бардык айыл өкмөттөрдө да ишембилик уюштурулду. “Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында Токтогул шаарынын карамагындагы Кайрак участкасына 1 га жер аянтына…

Толук окуу…