Райондун аймагындагы кезектеги ишембилик

6-аперль 2024-жылы айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында райондук ишембилик болуп өттү.
Ишембиликте Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, эл алуу багы, Бишкек-Ош автожолунун жээги тазаланды. Ошондой эле бардык айыл өкмөттөрдө да ишембилик уюштурулду.
“Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында Токтогул шаарынын карамагындагы Кайрак участкасына 1 га жер аянтына көчөт отургузуу иш-чарасы болуп өттү. Ошондой эле бардык мекеме, ишканалар өздөрүнүн айланасына көчөттөрдү отургузушту.
Айлана-чөйрөнү тазалоо үчүн райондук мекеме, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тартылды.

Leave a Reply