Веб сайттан издөө
Рубрикалар
-
Акыркы документтер
- Сары-Камыш айыл аймагында элдик жыйын уюштурулду
- Сүттү кайра иштетүү заводу расмий ачылды
- 2025-2030-жылдарга Токтогул районунун туруктуу өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору талкууланды
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү
- Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду
Жаңылыктар календары
Коррупцияга каршы аракеттенүү
Ишеним телефону: 0(3747) 5-00-63
Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер
Month: June 2024
Жаш өспүрүм балдар үчүн эки сааттык жайкы эс алуу лагери уюштурулду
Токтогул районундагы №9 И.Умаров, №35 Ж.Чаргынов, №37 С.Чекиров, №15 Даңканай, №14 Жоомарт, №41 Тоялиев атындагы орто мектептеринде жана №3 Ы.Дүйшеев атындагы башталгыч мектебинде USDA МакГоверн-Доул “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасы менен мектептин алдында эки сааттык жайкы эс алуу лагери уюштурулду. Ар бир мектептен экиден мугалим жана китепканачы бирге…
Алкоголдук продукцияны чекене сатууга жана сактоого лицензия алуу жөнүндө кулактандыруу
Ишкерлерге уруксат кагаз алууда ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында 2024-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Токтогул районунда уруксат кагаздары (лицензиясы) жок алкоголдук продукцияны чекене саткан ишкерлердин райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында иш-кагаздарын кабыл алат. Уруксат кагаздары (лицензиясы) жок…
Сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү
Токтогул РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагындагы Чычкан суусуна, каналдарга жана сууга түшүүгө кооптуу болгон жерлерге атайын эскертүү тактайчалары орнотулду. Ошондой эле, ата-энелерге жаш өспүрүм балдарын кароосуз өз алдынча сууга түшүүгө жибербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чара жайкы каникул убагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн алдын алуу максатында уюштурулду.
Кырдаал көзөмөлдө
Райондун аймагында кыска мөөнөттүү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Үч-Терек айыл аймагынын, Саргата айылынын көчөлөрүн суу каптаган, негизинен суулар сел өтүүчү каналдар аркылуу өткөн. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери менен жеринде болуп, кырдаалды өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү тапшырмаларды берди. Алдын ала маалыматтар…
Республикалык деңгээлдеги балдар жана өспүрүмдөр арасындагы мелдеш болуп өттү
2024-жылдын 8-9-10-июнь күндөрү Токтогул шаарынын кичи футбол аянтында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгынын алкагында Токтогул районунун оор атлетика боюнча ачык биринчилигинин республикалык деңгээлдеги балдар жана өспүрүмдөр арасындагы мелдеши болуп өттү. Мелдешке Казакстан Республикасынан, Бишкек шаарынан, Ош, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын райондорунан курама…
Райондо кезектеги ишембилик уюштурулду
Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, эс алуу паркы, стадион, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коомдук жайлар тазаланды. Ишембиликке райондогу мекеме, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.
Маалымат борбору ачылды
Кетмен-Төбө айыл аймагынын Чолпон-Ата айылында жайгашкан Токтогул атындагы үй музейинде маалымат борбору ачылды. Музейлер ар бир элдин баалуу мурастарын сактаган жана аларды даңазалаган маданияттын ордосу болуп эсептелет. Маалымат борбору үчүн атайын боз үй жайгаштырылып, ичинде улуттук буюмдар менен камсыздалган. Интернет байланышы менен бирге компьютердик техника менен камсыз болду. Райондун аймагында…
“Түндүк” мобилдик тиркемесине онлайн каттала аласыз!
“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” аныкталды.
2024-жылдын 4-июнь күнү Токтогул шаарындагы №2 Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” Республикалык конкурстарын өткөрүү жөнүндөгү жоболорду бекитүү тууралуу 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 Токтомун ишке ашыруу максатында, райондогу мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында өткөрүлгөн Республикалык конкурстун райондук, облустук этаптарынын…