Жаш өспүрүм балдар үчүн эки сааттык жайкы эс алуу лагери уюштурулду

Токтогул районундагы №9 И.Умаров, №35 Ж.Чаргынов, №37 С.Чекиров, №15 Даңканай, №14 Жоомарт, №41 Тоялиев атындагы орто мектептеринде жана №3 Ы.Дүйшеев атындагы башталгыч мектебинде USDA МакГоверн-Доул “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасы менен мектептин алдында эки сааттык жайкы эс алуу лагери уюштурулду. Ар бир мектептен экиден мугалим жана китепканачы бирге даяр сценарий менен бирдикте иш алып барышууда. Окуу лагеринде 10 күндүк программа бекитилген. Ар бир күнү 2 сааттан окуу өткөрүлөт. Жалпы 7 мектептен 154 окуучу окуу лагеринде эс алуу менен билим алып жатышат.

Leave a Reply