Т.Жүндүбаев, С.Нурманбетов мектептеринин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды

2024-жылдын 3-сентябрында А. Суеркулов жана Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Т.Жүндүбаев, С.Нурманбетов мектептеринин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды. Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, айыл өкмөт башчылары Б.Багымбаев, Ө.Жаманкулов, эмгек ардагерлери жана ата-энелер катышты. Кыргыз…

Толук окуу…

Токтогул шаарында жаңы бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди

2-сентябрь 2024-жылы Токтогул шаарында жайгашкан №13 Байчечекей мектепке чейинки билим берүү уюумунун А. Бекматжанова атындагы бала бакчанын жаңы имараты пайдаланууга берилип, жаңы окуу жылына расмий ачылышы болду. Ачылуу аземине Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, Токтогул шаарынын аксакалдары, ата-энелер жана…

Толук окуу…

Токтогул районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы белгиленди

31-август күнү Токтогул шаарынын борбордук аянтында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев баштаган президиум мүчөлөрү катышышты. Майрамдык салтанат аскер кызматчыларынын парады жана райондук мекеме ишканалардын демонстрациясы менен башталды. Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата…

Толук окуу…

2024-2025-жаңы окуу жылына карата мугалимдердин “Август кеңешмеси ” өткөрүлдү

2024-жылдын 29-август күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 2024-2025-жаңы окуу жылына карата мугалимдердин “Август кеңешмеси ” өткөрүлдү. Кеңешмеге Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору жана мугалимдер жамааты катышты. Башчы-акимдин орун…

Толук окуу…

2024-жылдын 30-августунда Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Терек-Суу айылында эс алуу паркынын ачылышы өттү. Парк райондук өнүктүрүү фондусунун, КР Финансы министрлигинин Дем берүүчү грантынын эсебинен курулган.

Толук окуу…

Сары-Камыш, Толук айыл аймактарынын Тер- Жайлак жайлоосунда жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында жандык малдарга эмдөөлөрдү жүргүздү.

Токтогул райондук ветеринардык башкармалыгы Токтогул райондук ветеринардык лабораториясы менен биргеликте Сары-Камыш, Толук айыл аймактарынын Тер- Жайлак жайлоосунда жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында жандык малдарга эмдөөлөрдү, бодо малдардын арасында бруцеллез оорусуна каршы серологиялык изилдөөлөрдү жүргүздү.

Толук окуу…

Токтогул райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кызматкерлерине Жарандык коргонуу жаатында жана өрт коопсуздугу боюнча окутуу өткөрүлдү

27-август 2024-жыл Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары Н.Кожобергеновдун Жарандык коргонуу кызматтарына 20.08.2024-жылдын #25 берилген протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Токтогул райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы тарабынан Токтогул райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кызматкерлерине Жарандык коргонуу жаатында жана өрт коопсуздугу боюнча окутуу өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Толук окуу…

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү социалдык объектилердин 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы текшерилди

27-август 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү социалдык объектилердин 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын абалын жана курулуш иштерин жүрүшү боюнча жеринен текшерүү жүргүздү. Текшерүүдө көмүр-отундарды сатып алуунун жүрүшү, электр чордондорунун жана от жагуучу мештердин абалы, электр энергиясы менен жылуулук берүүчү шаймандардын техникалык абалы…

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев Коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алды

26-август 2024-жылы башчы-аким А.Тюкебаевге Коомдук кабылдамада   5 жаран жер маселелери, электр энергия, пособие алуу боюнча кайрылып, көйгөйлөрүн чечүү үчүн тиешелүү кызматкерлерге жана мекеме ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди. Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев  бекитилген графикке ылайык ар дүйшөмбү күнү коомдук кабылдамада саат 14:00-17:00го чейин жарандарды кабыл алат.

Толук окуу…

2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы жөнүндө жеринен текшерүү жүргүзүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Э.Иманалиев, Үч-Терек, А.Суеркулов айыл өкмөттөрүндөгү социалдык объектилердин 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы жөнүндө жеринен текшерүү жүргүздү. Текшерүүдө, көмүр-отундарды сатып алуунун жүрүшү, электр чордондорунун жана от жагуучу мештердин абалы, электр энергиясы менен жылуулук берүүчү шаймандардын техникалык абалы ж.б. каралып, аныкталган кемчиликтерди…

Толук окуу…