Бүгүн 12-сентябрь 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму болуп өттү.
Күн тартибинде:
1. Токтогул районунда үй-бүлөлүк зордук зомбулукка бөгөт коюу, алардын ичинен аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук зомбулуктарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-аракеттерди күчөтүү;
2. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоонун абалы;
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы “Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө” №270 Токтомунун аткарылышынын абалы жөнүндө маселелер каралды.
Аталган маселелер жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери тарабынан маалыматтар берилип, талкууланды.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергенов тарабынан күн тартибиндеги маселелер боюнча тапшырмалар берилип, атайын мөөнөттөр коюлду.