“Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоору жөнүндө жыйын өттү

2024-жылдын 2-декабрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында Дүйнөлүк банк каржылаган “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоору жөнүндө жыйын өттү. Жыйында “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун максаты жана мүмкүнчүлүктөрү туурасында Агробизнестин атаандыштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Беков Торогул Ниязович маалымат берип, дыйкан-фермерлердин суроолоруна жооп берди. Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев,…

Толук окуу…

“Тарыхый акыл-эс агымынын чагылдырылышы” аттуу илимий-практикалык конференция өттү

Тарыхчы, журналист жана публицист, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиевдин катышуусунда анын чыгармаларындагы “Тарыхый акыл-эс агымынын чагылдырылышы” аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарада “Арслан Койчиевдин жаңы кыргыз адабиятына кошкон салымы” жана “Арслан Койчиевдин өмүр сапары” темасында докладдар окулуп, анын “Беделдеги каргыш” (Мисмилдирик) чыгармасынан…

Толук окуу…

Райондун аймагында түнкү рейддер жүргүзүлүүдө

Райондун аймагында түнкү рейддер жүргүзүлүүдө Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулукту, укук бузууларды, жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында түнкү рейддер уюштурулууда.

Толук окуу…

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен биргеликте Токтогул районунун аймагындагы Мүлкүбөт атындагы орто мекетебинде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, зордук-зомбулуктардын, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чарасын жүргүзүштү. Ар кандай кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында кечки рейддер да жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…

Токтогул шаарынын карамагындагы Арал айылында элдик жыйын уюштурулду

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Токтогул шаарынын тургундары менен жолугушту. Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, жер, бала бакча, электр мамычалары, таза суу, жайыт, курулуп жаткан футбол аянтчанын сапаты боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча раймамадминистрациясынын…

Толук окуу…

1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата мектептерде иш-чаралар өткөрүлүүдө

1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган акциянын алкагында райондун аймагындагы жалпы билим берүү мектептеринде спорттук мелдештер, тегерек столдор жана жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Толук окуу…

Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына карата жазуучу, драматург Качкынбай Керимбаевдин “Тотуя” драмасы көрүүчүлөргө тартууланды

Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына карата жазуучу, драматург Качкынбай Керимбаевдин Токтогул Сатылгановдун чыгармаларынын негизинде жазылган “Тотуя” драмасы райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан көрүүчүлөргө тартууланды. Иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев катышып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөдө жана кыргыз элинин демократ-акыны Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына карата драматург…

Толук окуу…

Жол жээгиндеги мыйзамсыз жайгашкан жарнама тактайчалары алынууда

Бишкек-Ош автоунаа жолунун Токтогул райондук бөлүгүнүн жол жээгинде мыйзамсыз жайгашкан жарнама тактайчалары алынууда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылды 14-мартындагы №56 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 18-октябрындагы №6 Протоколдук тапшырмасын аткарууга алып, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдында комиссия түзүлгөн. Райондук комиссия тарабынан 2024-жылдын 25-ноябрынан…

Толук окуу…

1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата медицина кызматкерлери райондук мекеме, ишканалардын эмгек жамааттарына СПИД илдети боюнча лекция окушту жана слайд көргөзүшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Толук окуу…

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктардын, эрте никеге туруунун алдын алуу максатында жыйындар өттү

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктардын, эрте никеге туруунун алдын алуу максатында N 31 К.Чодошев, N 39 М.Жунусалиев атындагы орто мектептеринде жыйындар өттү. Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери жана ата-энелер, окуучулар катышты. Жыйында ата-энелерге жана окуучуларга жогоруда…

Толук окуу…