“Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакчалар ачылды

Бүгүн А.Суеркулов айыл аймагынын Бел-Алды айылындагы №22 Жамгырканов, Сары-Сөгөт айылындагы №21 Алымбеков мектептеринин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакчалар ачылды.
Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, айыл өкмөт башчысы Ө.Жаманкулов, эмгек ардагерлери жана ата-энелер катышты.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин алдында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим ”долбоору ишке ашырылып жатат. Долбоордун негизинде жаңыдан түзүлгөн ар бир бала бакчага эмерек, оюнчуктар, окуу үчүн жабдуулар, материалдар берилди жана ачык абадагы оюн аянтчалары орнотулду.
Долбоордун максаты: мектепке чейинки билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында өлкө боюнча 500 жаңы кыска мөөнөттүү бала бакчаларды 3-5 жаш курактагы балдарды камтуу менен ачуу. Бул долбоор аркылуу райондун аймагында 12 обьект киргизилген. Бүгүн 3-5 жаш курактагы балдарды камтуу менен 3 сааттык 2 бала бакчага 100 бала тартылды. 8 жумуш орун түзүлдү. Жалпы 3 сааттык 7 бала бакча ачылып, 400 бала тартылды. Жалпы 20 жумуш орун түзүлдү.

Leave a Reply