Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. Бүгүнкү күндө коомчулукта кездешип жаткан алдамчылык, жарандардын айрым топторунун финансылык көз боёмочулук аракеттерин болтурбоо жана алдын алуу иш чараларын күчөтүү; 2. “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар…

Толук окуу…

15-февраль – Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдгы белгиленди.

15-февраль – Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдгы белгиленди. Иш чаранын жүрүшүндө Токтогул шаарындагы интернационал жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлуп, залп атылды, ошондой эле курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулду. 36 жылдыкка карата райондо жашаган Афган жоокерлерине жана курман болгон жоокерлердин үй бүлөлөрүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каражат…

Толук окуу…

Кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтүүдө

Бүгүн Токтогул районунун тургундарын арзан азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылуу максатында Токтогул шаарындагы автобекетте азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Жарманкеде эт, сүт, бал, алма, картошка азыктары сатылууда. Жарманке ар жуманын жума күндөрү Токтогул шаарынын автобекетинде уюштурулуп турат.

Толук окуу…

Бекитилген графикке ылайык мектептерде ата-энелерге жыйындар өттү

Райондук мамлекеттик администрация тарабынан бекитилген графикке ылайык 2025-жылдын 12-13-февралында өсүпүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, эрте никеге туруунун, суициддин, жол-транспорт кырсыктарынын, үй бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу максатында № 20 Т.Жүндүбаев, № 29 М.Нургазиев, № 30 Т.Токторалиев, № 32 Бекназар, № 33 Артыкбаев, № 34 Салаев атындагы орто мектептеринде ата-энелерге жыйындар өттү. Жыйынга райондук…

Толук окуу…

Райондун аймагында “Жооптуу бол” акциясы өтүүдө

Калк арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында райондун аймагындагы медициналык мекемелеринде (ҮДТ, ФАП) мырзаларга “Жооптуу бол” акциясы өтүп жатат. “Жооптуу бол” акциясы 2025-жылдын 1-февралынан 28-февралына чейин уланат. Акциянын максаты эркектердин арасында жугуштуу эмес оорулардын (кант диабети, жүрөк кан-тамыр оорулары, кан басымдын жогорулашы, өпкө оорулары, залалдуу шишик (онкология) оорулары) алдын…

Толук окуу…

Райондук Жарандык коргонуунун кызматтары менен ыкчам штаб өткөрүлдү

Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун даярдоо Планынын негизинде Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдары менен өтүп жаткан штабдык машыгуунун 2-этапта өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүү, жабыркаган жарандарды ар тараптуу камсыздоо иштерин уюштуруу, авариялык жана башка кечиктирилгис иштерди улантуу, кошумча күч каражаттарды тартуу,…

Толук окуу…

15-февраль – Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата спорттук иш-чара өткөрүлүүдө

15-февраль – Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата спорттук иш-чара өткөрүлүүдө.

Толук окуу…

Кулактандыруу! 14.02.2025-ж. айыл чарба жана азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт.

Урматтуу Токтогул районунун тургундары! 2025-жылдын 14-февраль күнү саат 10:00дө Токтогул шаарындагы автобекетте “Айыл чарба жана азык-түлүк” жарманкеси өткөрүлөт. Жарманкеге райондун тургундарын жана дыйкан-фермерлерди активдүү катышууга чакырабыз. Сурап билүү байланыш номери 0707787736.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү

2025-жылдын 11-февраль күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. “Жашыл мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында 2025-жылга пландалган иш аракеттердин жүрүшү; 2. 2025-жылдын жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүүнүн абалы; 3. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу арзан азык-түлүк продукциялары менен камсыздалышы; 4. Кыргыз Республикасынын…

Толук окуу…

Э.Иманалиев, Үч-Терек айыл өкмөттөрүндө үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн тактоо, багар-көрөрү жок жана аз камсыз болгон жарандардын жашоо-шартынан кабар алуу максатында Э.Иманалиев, Үч-Терек айыл өкмөттөрүндө үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү. Үймө-үй кыдыруу учурунда үй бүлө мүчөлөрү менен баарлашуу жүргүзүлүп, жөлөкпул алуудагы даректүүлүк, үй бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу ж.б.у.с. маселелер боюнча түшүнүктөр берилди. Кыдырууга райондук мамлекеттик администрациянын,…

Толук окуу…