2025-жылдын 11-февраль күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. “Жашыл мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында 2025-жылга пландалган иш аракеттердин жүрүшү;
2. 2025-жылдын жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүүнүн абалы;
3. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу арзан азык-түлүк продукциялары менен камсыздалышы;
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы;
5. Социалдык тармактар аркылуу алдамчылык жана курулай жалаа жабуу, мазактоо менен алектенген жарандарга карата мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылуусу жөнүндө жана ар кандай маселелер каралды.
Жыйынга райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары жана айыл башчылар катышты. Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилди.




