Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогул шаарынын тургундары менен жолугушат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев ушул жылдын 25-26-март күндөрү Токтогул району, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушат. Бул аракет облус аймагындагы жарандардын жер-жерлердеги көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатын көздөйт. Жолугушуу графиги: -25-март, саат 10:00, Кара-Көл шаардык мэриясынын чоң жыйындар залы;…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду Ишембиликте Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, мекеме, ишканалардын айланасы тазаланып, бак-дарактар акталды. Тазалоо, бак-дарактарды актоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды.

Толук окуу…

Токтогул шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

21-мартта Токтогул шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктады. Салтанат майрамдык концерт жана спорт оюндары менен уланды.

Толук окуу…