“Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөтүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү

2025-жылдын 19-март күнү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү тарабынан “Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөтүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Жыйынга райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, шаар мэри, мектеп директорлору, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.