Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагындагы каналдардын абалы менен таанышты

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагындагы Коңур-Өгүз – Кеңтуулук каналынын абалын жеринен көрүп, райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчисине Тик-Сай участкасындагы каналдан сугат сууга алып өтүүчү түтүкчөнү тазалоо тапшырмасын берди. Мындан сырткары Саргата айылындагы сел өтүүчү каналдын абалы менен таанышып айыл өкмөт башчысы Р.Омуркановго тиешелүү тапшырмаларды берди.

Толук окуу…

БУУнун Дүйнөлук азык-түлүк программасынын аркылуу аткарылган иш-аракеттер жөнүндө маалымат угулду

2025-жылдын 25-март күнү райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында БУУнун Дүйнөлук азык-түлүк программасы аркылуу 2024-жылы райондун аймагында аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыгы жөнүндө маалымат угулуп, 2025-жылга карата иш-чаралар планы талкууланды.

Толук окуу…