Башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары жер, жөлөк пул, канал, жайыт жер маселелери менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.…

Толук окуу…

Кезектеги азык-түлүк жарманкеси өттү

Кезектеги азык-түлүк жарманкеси өттү 2025-жылдын 7-март күнү Токтогул районунун тургундарын арзан азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылуу максатында Токтогул шаарындагы автобекетте азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Жарманкеде эт, сүт, жумуртка, балык, бал, алма, картошка жана башка азыктары сатылды. Жарманке ар жуманын жума күндөрү Токтогул шаарынын автобекетинде уюштурулуп турат.

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын “Данк” медалынын ээси, Токтогул районунун Ардактуу атуулу Мурсажан Сарпашов дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын “Данк” медалынын ээси, Токтогул районунун Ардактуу атуулу Мурсажан Сарпашов дүйнө салды.. Мурсажан Сарпашов 1936-жылы 28-сентябрда Токтогул районунун Толук айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин, 1969-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1959-жылы Токтогул районунун Толук орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1961-1963-жылдары Толук орто…

Толук окуу…

Жарандарга түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү

2025-жылдын 6-март күнү Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы Токтогул шаарынын карамагындагы Жаңы-Жол, Бала-Чычкан, Кызыл-Туу айылдарда үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо, коргоону жана башка аркандай кылмыштарды алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү.

Толук окуу…

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 315 чакырымдагы Нарын көпүрөсүнүн курулушунун долбоору боюнча 2 коомдук угуу өткөрүлдү

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 315 чакырымдагы Нарын көпүрөсүнүн курулушунун долбоору боюнча 2 коомдук угуу өткөрүлдү. Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги JICA Япон агенттиги тарабынан Бишкек-Ош автоунаа жолунун 315 чакырымдагы Нарын көпүрөсүнүн курулушунун долбоору боюнча 2 коомдук угуу өткөрүлдү. Коомдук угууда Кыргыз Республикасынын Транспорт…

Толук окуу…

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата райондук мамлекеттик администрацияда салтанаттуу иш-чара өттү

Аалам көркү аялзат! 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата райондук мамлекеттик администрацияда салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага райондогу мекеме, ишканалардын, айыл аймактардын айымдары катышты. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев айымдарды келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктап, райондук мамлекеттик администарциясы тарабынан даярдалган белектерди тапшырды. Салтанатту иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан…

Толук окуу…

2025-жылдын 7-март күнү саат 10:00дө Токтогул шаарындагы автобекетте “Айыл чарба жана азык-түлүк” жарманкеси өткөрүлөт

Урматтуу Токтогул районунун тургундары! 2025-жылдын 7-март күнү саат 10:00дө Токтогул шаарындагы автобекетте “Айыл чарба жана азык-түлүк” жарманкеси өткөрүлөт. Жарманкеге райондун тургундарын жана дыйкан-фермерлерди активдүү катышууга чакырабыз. Сурап билүү байланыш номери 0707787736.

Толук окуу…

А.Суеркулов, Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүндө тегерек стол өттү

Үй бүлөлүк зомбулуктардын, өспүрүмдөр арасындагы жана өспүрүмдөргө карата кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча А.Суеркулов, Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүндө тегерек стол өттү. Ага райондук мамлекеттик администрациянын, райондук прокуратуранын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, аталган айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери жана айыл өкмөттөрдүн коомдук уюмдарынын мүчөлөрү, айыл башчылар, үй бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу боюнча түзүлгөн…

Толук окуу…

5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринде, китепканаларда атайын даярдалган иш-чаралар өткөрүлдү.

Толук окуу…

Райондук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү

Райондук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан N20 Т.Жундубаев атындагы орто мектебинде мекеме, уюмдардын жана ата энелердин катышуусунда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлүп, мыйзам талаптары боюнча түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү.

Толук окуу…