“Үй-бүлөдөгү зомбулук, зомбулуктан сактоону жана коргоонү жүзөгө ашыруу” боюнча семинар өткөрүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Үй-бүлөдөгү зомбулук, зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруу” боюнча маалыматтык семинар өткөрүлдү. Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук прокуратуранын, Токтогул РИИБдин, жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү, пробациянын жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери катышты. Окуу-семинары Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен ЕККУнун…

Толук окуу…

Токтогул районунун аймагындагы үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү.

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы менен Токтогул райондук мамлекеттик администрация жана райондук эмгек социялдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Токтогул районунун аймагындагы үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо, коргоо, сактоо боюнча калкка, мечиттерге жана ар бир мектептерде ата-энелерге балдары менен биргеликте алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү.

Толук окуу…

Токтогул районунда 5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жөнүндө иш-чара өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225-б “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө”, буйругун ишке ашыруу, табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндөгү билимди, маалыматты жана тажрыйбаны калкка жайылтуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын иш-аракеттерин системалаштыруу, ошондой эле кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган бир айлык иш-чаранын жүрүшүндөгү “Жаш куткаруучулар”…

Толук окуу…

“Өз кан басымынды билип ал” акциясы өткөрүлдү

Токтогул ЖДПБнун ден соолукту чыңдоо кабинетинин медицина кызматкерлери калктын ден соолугуна кам көрүү жана акыркы убактарда көп катталган жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында “Өз кан басымынды билип ал” акциясы өткөрүп жатышат. Медицина кызматкерлери Токтогул шаарындагы мекеме-ишканаларды кыдырып жана эл көп топтолгон жерлерге барышып жарандардын кан басымын өлчөп ден соолукка…

Толук окуу…

«Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында зордук зомбулук, жыныстык кол тийбестик, эрте никеге туруу ж.б. кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча лекция өткөрүлдү»

Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан А. Бердалиев атындагы №39-кесиптик лицейинде жаш өспүрүмдөр арасында зордук зомбулук, жыныстык кол тийбестик, эрте никеге туруу ж.б. кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында лекция окулуп түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган жыйынга Токтогул районунун прокурорунун жардамчысы Н.Ташманбетов, РИИБнын кызматкери жана №39-кесиптик лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары,…

Толук окуу…