Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

Райондун тургуну жер мунапысы жана башка ар кандай маселелер менен кайрылды. Райондун акими А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин. Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун кабыл алуусу ар шаршемби күнү саат 14:00дөн…

Толук окуу…

Райондун акими А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күнгөй айылынын тургундарын кабыл алды

Кара-Күнгөй айылынын тургундары, айылдагы борбордук көчө асфальттоо иштерине даярдалып жаткандыктан көчөнүн узун, туурасын так белгилеп берүү жөнүндө кайрылышкан. Райондун акими А.Тюкебаев тарабынан айылдын башкы планына ылайык жеринен иш алып барууну жана тургундарга тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагын райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, айыл өкмөтүнө протоколдук тапшырмалар берилди.

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Токтогул шаарындагы эс алуу паркы жана коомдук жайлардын айланасы тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, мэриянын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгаруу иштери жүрүүдө.

Толук окуу…

Китеп жарманкеси уюштурулду

2025-жылдын 4-5-сентябрь күндөрү Токтогул районунун борбордук аянтында китеп сүйүүчүлөр үчүн «Китеп жарманкеси» өткөрүлдү. Аталган жарманке райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы жамааты катышып, жаңы 2025-2026-окуу жылына карата окуучуларга, китеп сүйүүчүлөрүнө ийгиликтерди каалап өттү. Ошондой эле жарманкеге жайылган…

Толук окуу…

Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылында балык (осетр) чарбасынын курулушу боюнча жыйын өттү

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаевдин төрагалыгында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун (ГЧП) алкагында Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылында балык (осетр) чарбасынын курулушу боюнча жыйын өттү. Жыйынга Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин өкүлү С.Эргешов, “Азия продукт” ЖЧКнын өкүлдөрү катышты. Жыйын учурунда айыл чарба жоготууларынын…

Толук окуу…