Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Токтогул шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Мында райондо ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкана, мекемелердин кызматкерлери майрамдык шаң менен параддан өтүштү. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев райондун өнүүгүсү үчүн жүргүзүлүп жаткан аракеттерге токтолуп, катышуучуларды майраймы менен куттуктап, өлкөбүзгө өнүгүп-өсүү каалады. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу салым…