Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.  

Толук окуу…

«Токтогул Дестинация» коомдук бирикмеси «СЕДЕП» долбоорунун колдоосу менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында «Туруктуу туризм жана санариптик маркетинг» аттуу окутуу-тренинг өткөрдү

Иш-чаранын максаты — жергиликтүү туризм тармагынын потенциалын жогорулатуу, ишкерлердин билим жана көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле тармактын катышуучуларынын ортосунда кызматташтыкты күчөтүү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, Токтогул районунун аймагында туризм багытында иш алып барган ишкерлер, туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр катышышып, тиешелүү маалыматтарды алышты.

Толук окуу…

Токтогул районунда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча түзүлгөн комиссиясы район аймагында кышкы мезгилде электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүздү. Комиссиянын төрагасы райондун башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, комиссия мүчөсү райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги К.Искаков жана тиешелүү мекеме жетекчилер тарабынан…

Толук окуу…

Райондун акими Акылбек Алиякунович Үч-Терек, А.Суеркулов айыл аймактарындагы бир катар объектилерди жеринен көрдү

А.Суеркулов айыл айымагындагы №27 А.Мамыров атындагы орто мектебинин имаратынын курулуш иштеринин жүрүшүнүн абалын жеринен көрдү. Мындан тышкары, Үч-Терек айыл аймагындагы Осмон-Ата сугат суу каналынын, Үч-Терек айылындагы 3 чакырым тротуардын курулушун, “Бактыкан апа” атындагы 75 орундуу бала бакчанын жаӊы имаратынын пайдубалын казуу иштерин жана Саргата айылындагы сел өтүүчү каналдардын, көпүрөлөрдү абалын…

Толук окуу…