Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгына карата Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгына карата Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Тюкебаев, райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери жана ардагерлер катышты. Ачылыш аземинде райондун акими А.А.Тюкебаев жаңы имараттын пайдаланууга берилиши ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка…

Толук окуу…

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери

1-ноябрь – милиция кызматкерлеринин күнү, кыргыз милициясынын түзүлгөнүн 101 жылдыгы менен куттуктайм! Милиция кызматкерлери – өлкөбүздүн тынчтыгын жана жарандарыбыздын коопсуздугун коргоп, өз өмүрүн, бүткүл жашоосун тобокелге салып, кызмат өтөп келүүдө. Ар бир милиция кызматкери мамлекетибиздин укуктук негиздерин бекемдөө жана коомдук тартипти чыңдоодо ишенимдүү жардамчы болуп берүү милдетин алып жүрөт. Сиздердин…

Толук окуу…

Токтогул районунун акими А.Тюкебаев Токтогул шаарынын аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын шайлоого даярдыгын жана алардын материалдык-техникалык жактан камсыздалышын жеринен текшерди.

Токтогул районунун акими А.Тюкебаев Токтогул шаарынын аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын шайлоого даярдыгын жана алардын материалдык-техникалык жактан камсыздалышын жеринен текшерди. Ошондой эле тесттик режимде өтүп жаткан шайлоо процессинин жүрүшү менен таанышты. Мындан тышкары, №4 Н.Бримкулов атындагы мектеп-гимназиясына барып, билим берүү мекемесинде жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин абалын көрдү. Ал тиешелүү кызмат адамдарга…

Толук окуу…

Баткен окуясынын 25 жылдыгы белгиленди

Эскерүү иш чарасына Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, райондун аскер комиссары Ч.Кубатбек уулу, райондук ардагерлер кенеши, шаар мэринин орун басары, райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, Баткен окуясынын ардагерлери жана курман болгон жоокерлердин туугандары катышышты. Азимкан атындагы эс алуу багында жайгашкан эстеликке Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлердин элесине арналып гүлчамбар коюлуп,…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү

2025-жылдын 23-октябрында Токтогул районунун прокуратурасынын демилгесинин негизинде төрагалык кылган райондук прокурору Б.Абыкеевдин катышуусу менен мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин, ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, ошондой эле жаңы түзүлгөн Башкы прокуратура караштуу Токтогул райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү. Жыйында Кыргыз…

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

Токтогул райондун тургундары жер, материалдык жардам, жайыт, таза суу, балык чарба жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Райондун акими А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин. Токтогул РМАнын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун кабыл…

Толук окуу…

ЖАРЫЯ!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү Жобого ылайык райондук мамлекеттик администрациянын Балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына жарандык коомдун өкүлүнөн киргизүү үчүн документтер кабыл алынат. Талаптар: Жарандык коомдун талапкерлери социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.

Толук окуу…

Райондун акими А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы бир катар объектилерди жеринен көрдү

Атап айтканда, №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин кошумча корпусунун курулуш иштерин, Коргол атындагы орто мектебинин спорт залын оңдоп-түзөө иштерин жана Данканай атындагы орто мектебинин чатырынын оңдоп-түзөөдөн кийинки абалын көрдү. Мындан тышкары, Ак-Тектир айылындагы фитнес клубдун курулушунун жүрүшүн жана толугу менен тосмолонгон фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) айланасынын абалы менен да…

Толук окуу…