Кезектеги азык-түлүк жарманкеси өттү
Бүгүн, Токтогул районунун тургундарын арзан азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылуу максатында Токтогул шаарынын борбордук аянтында азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Жарманкеде эт, сүт, жумуртка, бал, алма, картошка, май жана башка азыктары сатылды. Жарманке ар жуманын жума күндөрү Токтогул шаарынын борбордук аянтында уюштурулуп турат.
