Уңгужол – улуу жеңиштерге алып барчу жол!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Токтогул районунун жергиликтүү тургундарына аталган Жарлыктын мазмуну боюнча таанытым иштери жүргүзүлдү. Иш-чара райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө өтүп, ага Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы А.М.Матубраимов, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору К.Б.Калчакеев,…
