Токтогул районунун аталышын Кетмен-Төбө району деп өзгөртүү IV Элдик Курултайда көтөрүлдү
2025-жылдын 25-26-декабрь күндөрү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан шайланган IV Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан Токтогул районунун аталышын тарыхый аты Кетмен-Төбө району деп өзгөртүү жөнүндө демилге көтөрүлгөн. Тарыхый маалыматтарга ылайык, азыркы Токтогул району 1926-жылы уюшулуп, 1939-жылга чейин Кетмен-Төбө району деп аталып келген. Демилге райондун тарыхый аталышын кайра…
