Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, Токтогул шаарынын эс алуу багы, мекеме, ишканалардын айланасы жана коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.

Толук окуу…

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тарабынан Токтогул шаарынын аймагында жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү

Иш-чаранын алкагында айдоочуларга жол белгилерин так сактоо, жол кыймылынын эрежелерин бузбоо боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле жол белгилерине баш ийбей, унааларын туура эмес жерге токтоткон айдоочулар аныкталып, аларга карата тиешелүү тартипте административдик протоколдор түзүлдү. Мындай иш-чаралар жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мындан ары да…

Толук окуу…

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тарабынан Токтогул шаарынын аймагында жол коопсуздугун камсыздоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесине ылайык жөө жүргүнчүлөргө, айдоочуларга жана жаш өспүрүмдөргө жол чырактарын туура пайдалануу, жөө өтмөктөрдөн өтүү эрежелерин сактоо боюнча кеңири маалыматтар берилди. Мындай иш-чаралар жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга жана жарандардын жол коопсуздугу боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору А.Сатыбалдиев менен биргеликте Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу саламаттык сактоо мекемелеринде текшерүү иштерин жүргүзүштү

Тактап айтканда, ГСВ, ФАП жана ооруканалардын абалы, калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты жеринде каралды. Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар көйгөйлөр жана кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Толук окуу…

Э. Иманалиев айыл аймагынын Камыш-Башы айылындагы таза суу чыгаруу иштеринин жүрүшү менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев жеринде таанышты

Э. Иманалиев айыл аймагынын Камыш-Башы айылындагы таза суу чыгаруу иштеринин жүрүшү менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев жеринде таанышты. Таза суу чыгаруу үчүн республикалык бюджеттен 29 млн 856 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Райондун акими айылга таза суу түтүктөрүн орнотуп жаткан куруучуларга коюлган милдеттерди так жана сапаттуу аткарууну тапшырды.…

Толук окуу…

2024-2025-жылдары ата-эненин балдарды багуудан качуусу боюнча сотто каралган кылмыш иштер тууралуу

Коомчулуктун көңүлүн бурган маанилүү маселелердин бири — бул жашы жете элек балдардын ата-эненин багуусуна качуусу тууралуу кеп кылабыз, тагыраак айтканда Токтогул районунун сотунда каралган тийиштүү кылмыши иштер боюнча. Бүгүнкү күндө бул багыттагы абалды талдоо жана тиешелүү чечимдерди издөө мезгил талабы болуп турат. Кыргыз Республикасыны Кылмыш жазык кодексинин 26-главасында, үй-бүлө мамилелеринин…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин тапшырмасынын негизинде өкүлдүн орун басары У.О. Самаев Токтогул районуна иш сапары менен келип, аймактагы тазалык, айлана-чөйрөнүн абалы жана архитектуралык көрүнүштү жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.

Өкүлдүн орун басары тарабынан район аймагындагы санитардык абал, коомдук жайлардын тазалыгы жана инфраструктуранын көрүнүшү текшерилип, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди. Тактап айтканда, өкүлдүн орун басары У.О. Самаев тарабынан район акими А. Тюкебаевге, шаар мэри Б. Бактыбековго, ошондой эле айыл өкмөт башчыларына жана мекеме жетекчилерине тазалыкты камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, мекеме, ишканалардын айланасы жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.

Толук окуу…

Токтогул районунда айыл чарба техникасы жаңыланууда

Токтогул районунда айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана дыйкандардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында маанилүү кадам жасалды. “Орток” айыл чарба кооперативинин башчысы, жеке ишкер Касымов Шергазы тарабынан заманбап “Кайсун 1604” үлгүсүндөгү 2 даана айыл чарба тракторлору лизинг жолу аркылуу сатылып алынып келди. Жаңы техникалар акыркы үлгүдөгү шаймандар менен жабдылган. Алар үрөн себүү,…

Толук окуу…

7-апрель — Апрель революциясынын 16 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы белгиленди

Токтогул шаарында 7-апрель — Апрель революциясынын 16 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Апрель революциясынын баатыры Жанышбаев Апсаматтын эстелигине гүл чамбар коюлду, ошондой эле революция учурунда курман болгон мекендештерди эскерүү иретинде залп атылып, куран окулду. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев катышып, ал өз сөзүндө эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн…

Толук окуу…