Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында 23-февраль күнү райондун акими А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду
Райондун тургундары жер, жайыт, жол, айылдын жазуусу жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Райондун башчысы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандардын маселелери боюнча мекеме жетекчилерине жана шаар мэри, айыл өкмөт башчыларына тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынды. Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.…
