Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович менен жолугушуу өткөрүлдү

Жолугушууга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары, ошондой эле депутаттар катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө район акими тарабынан аймакта аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле райондогу негизги көйгөйлүү маселелер талкууга алынды. Атап айтканда, айылдарды таза суу менен камсыздоо, жол…

Толук окуу…

Азык-түлүк жарманкеси уюштурулду

Токтогул районунун тургундарын арзан азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылуу максатында Токтогул шаарынын борбордук аянтында азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Жарманкеде сүт, бал, алма, картошка жана башка азыктар сатылууда. Жарманке ар жуманын жума күндөрү Токтогул шаарынын борбордук аянтында уюштурулуп турат.

Толук окуу…

Райондун аймагында ишембилик улантылды

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгүндөгү бак-дарактарды бутоо, актоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды.

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгүндөгү бак-дарактарды бутоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды. Ишембилик 27-март күнүда улантылат, шаар жана айыл аймактарынын тургундарын ишембиликке активдүү катышууга чакырабыз.

Толук окуу…

Элдик жыйын

Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиев тарабынан бекитилген «2026-жылдын февраль-март-апрель айларына карата Жалал-Абад областынын прокуратура органдарынын прокурорлорунун жергиликтүү эл менен жолугушуу» графигине ылайык райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А. Тюкебаев, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, райондук ИИБ начальниги С.Борбашев, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда 2026-жылдын 25-мартында Толук айыл аймагынын тургундары А.Бекболотов атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Жыйында…

Толук окуу…

Райондун аким А. Тюкебаев Толук айыл аймагындагы Канаша атындагы орто мектебинин 250 орундуу жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Район башчысы мектептин курулуш иштерин белгиленген графикке ылайык өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды подряддык компаниянын өкүлдөрүнө берди.

Толук окуу…

Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл өкмөтүндө жайгашкан 7 жалпы билим берүүчү мектептин 9-11-класстын окуучулары жана ата-энелеринин катышуусунда жолугушуу уюштурулд

2026-жылдын 24-мартында Токтогул районунун прокуратурасынын демилгеси менен Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиевдин балдар арасындагы кылмыштуулукту, укук бузууларды жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, “кылмыш бир мүнөттө башталат, кесепети узакка созулат” жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткаруу максатында, Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл өкмөтүндө жайгашкан 7 жалпы билим берүүчү мектептин 9-11-класстын окуучулары жана ата-энелеринин катышуусунда жолугушуу уюштурулду.…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында укук бузууларды алдын алуу жана алар менен иш алып баруу багытында окуу-семинар өткөрүлдү

Аталган иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жооптуу адистери катышты. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин талаптары боюнча кеңири маалымат берилди. Тактап айтканда, укук бузуулар боюнча протоколдорду туура тариздөө, айып пулдарды мыйзам чегинде туура салуу жана аларды өндүрүү тартиби түшүндүрүлдү.

Толук окуу…

Үч-Терек жана Толук айылдарында аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн жаңы имараттары ачылды

Токтогул районунун Үч-Терек жана Толук айылдарында райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык бөлүмчөлөрүнүн жаңы имараттары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун онлайн катышуусу менен салтанаттуу түрдө ачылды. “Бүгүн заман талабына ылайыкталып курулуган имараттардын ачылышы – бир эсе коомчулукта тартипти камсыздоого көрүлгөн камкордук болсо, бир эсе ошол тартип сакчыларына дем-күч берүү болуп саналат”, –…

Толук окуу…

21-мартта Токтогул шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Э. Апит уулу майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктап, жалпы элге тынчтык, биримдик, береке жана өнүгүү каалады. Иш-чарада кол өнөрчүлөрдүн эмгегинен жаралган улуттук буюмдардын, тамак-аштардын көргөзмөлөрү уюштурулуп, келген конокторго улуттук маданияттын байлыгы кеңири тааныштырылды. Ошондой эле улуттук каада-салттардан тушоо кесүү жөрөлгөсү…

Толук окуу…