Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, мекеме, ишканалардын айланасы жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Токтогул районунун туризм тармагын өнүктүрүүдө мамлекеттик жана жеке сектордун өз ара диалогун өнүктүрүүгө арналган диалогдук жолугушуу өткөрүлдү

Жолугушууга райондун акими А.Тюкебаев, «Алатай» МЖП, Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция, жайыт маселелери боюнча адистер, айыл өкмөт башчылары, ошондой эле «Дестинация Токтогул» коомдук бирикмеси, жана туризм тармагында иш алып барган ишкерлер катышты. Жолугушуунун негизги максаты — туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жана жеке сектордун ортосунда эффективдүү кызматташууну…

Толук окуу…

2026-жылдын 31-мартында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында «Бюджеттик кодекс, жергиликтүү бюджет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзам» темасында консультациялык жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — жергиликтүү деңгээлде бюджеттик пландоонун сапатын жогорулатуу.

Жолугушууга Токтогул районунун айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, бухгалтерлер, финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн кызматкерлери, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү катышты. Консультацияны жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча улуттук эксперт Чекиров Асылбек Асаналиевич алып барды. Талкуунун жүрүшүндө негизги көңүл теориялык түшүндүрмөлөргө гана эмес, бюджеттик инструменттерди практикалык колдонууга бурулду. Катышуучулар төмөнкү маселелерди карашты:…

Толук окуу…