Кыргыз-Өзбек достук мамилеси уланууда

2023-2025-жылдарга карата Өзбекстан Республикасынын Наманган облусу менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун ортосундагы кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү комплекстүү программанын негизинде 2023-жылдын 21-22-23-июль күндөрү Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун Туракургон районунун хакими баштаган делегация Токтогул районунда иш сапар менен болушту.
Туракурган районунун хакими А.Мансуров баштаган делегация Токтогул районунун “Эфтар Агро” ЖЧКнын, “Токтогул балыгы” балык чарбалары, Токтогул токой чарбасынын базасында жайгашкан балды таңгактоо цехи, “Чычкан” капчыгайында жайгашкан туристтик эс алуу борборлору, Үч-Чат жайлоосунда уюштурулган улуттук ат оюндары (Көк-Бөрү, кыз куумай, эр эңиш), Токтогул Сатылганов, Абды Суеркулов аталарыбыздын музейлери менен таанышышты жана райондо өңдүрүлгөн азык-түлүктөрдүн, ууз-чеберлердин колунан жасалган буюмдардын жарманкесине күбө болушту.
Туракурган районунун хакими А.Мансуров менен Токтогул районун акими А.Тюкебаев эки райондун ортосунда достук мамилеси мындан да бекемделет, ар тараптуу кызматташууда олуттуу иштер жүргүзүлөрүнө терең ишеничте болушту.

Leave a Reply