Токтогул районунун прокуратурасынын демилгеси менен Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиевдин балдар арасындагы кылмыштуулукту, укук бузууларды жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, “кылмыш бир мүнөттө башталат, кесепети узакка созулат” жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткаруу максатында, Токтогул районунун Э.Иманалиев айыл өкмөтүндө жайгашкан 7 жалпы билим берүүчү мектептин 9-10-11-класстын окуучулары жана ата-энелеринин катышуусунда жолугушуу уюштурулду
Иш чарага, Токтогул районунун прокурору Б.Абыкеев, райондук ИИБнин, билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери, райондун имамы, жана РИИБдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн инспекторлору катышты. Жолугушуунун алкагында мектеп окуучулары менен “Биз кылмыштуулукка каршыбыз” деген лозунгда жөө жүрүш уюштурду. Аталган иш-чара өспүрүмдөрдүн тарбиясын чыңдоо, жоопкерчиликтүү…

