Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында райондун акими У.О.Самаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду.
Райондун тургундары жер, жайыт жер, Кемпир-Өлдү каналынын проектиси, Курман айт намазын аянтта окуу, там талаш жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Райондун башчысы-аким У.О. Самаев тарабынан кайрылган жарандардын маселелерин чечүү боюнча түшүндүрмө берилип, аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким У.О. Самаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Т. Асановдун кабыл алуусу ар шаршемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын аппарат жетекчиси Э.Апит уулунун кабыл алуусу ар жума күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Коомдук кабылдаманын ишенимдүү байланыш телефон номери: 03747 5-00-63.
