Малгараев Эсенгул
Малгараев Эсенгул (1900, Торкен айьшы -1991, Токтогул шаарчасы) – Совет бийлигин бекемдөөгө катышкандардан, алгачкы агартуучулардан.
- 1915-ж. дин мектебин (арабча окуп, жаза билген),
- 1924-ж. Жалал-Абадтагы мугалимдер курсун бүтүргөн. Аймактын басмачыларга каршы күрөшкөн ыктыярдуу кошуундун курамында кызмат өтөгөн.
- 1924-26-ж. Кетментөбө өрөөнүндөгү Суусамыр болуштугундагы алгачкы комсомол уюмунун катчысы, ошол эле жердеги мектепте мугалим,
- 1926-жылдан комсомолдук, партиялык, чарбалык жооптуу кызматтарда эмгектенген.
- Медалдар менен сыйланган.