А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинин ачылыш аземи болуп өттү

5-сентябрь Токтогул шаарындагы А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинде КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Секторду өнүктүрүү: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” (АӨБ) долбоорунун алкагында: 19 млн 524 968 сомго капиталдык оңдоп-түзөө иштери, заманбап материалдык-техникалык база менен толукталышы ж.б. жумуштардын аякташы менен окуу жайдын ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган иш-чара онлайн форматта КРнын Билим берүү жана илим министри Д.Ш.Кендирбаева, АӨБнын долбоорунун менеджери Н.А.Чырбанов, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Г.Д.Мамыровалардын катышуусунда түз байланышта болуп, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, башчы-акимдин орун басары А.Нават кызы, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, Атайын фонддун жетекчиси З.Абдыкадыров, Өнүктүрүү фондунун жетекчиси Г.Чоюбекова, ата-энелер жана студенттер катышты.
Студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Leave a Reply