Ишкерлерге уруксат кагаз алууда ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында 2024-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Токтогул районунда уруксат кагаздары (лицензиясы) жок алкоголдук продукцияны чекене саткан ишкерлердин райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында иш-кагаздарын кабыл алат.
Уруксат кагаздары (лицензиясы) жок алкоголдук
продукцияны чекене саткан субъектерге маалымат
Алкоголдук продукцияны чекене сатууга жана сактоого
лицензия алуу үчүн керектелүүчү иш кагаздар:
1) Өздүгүн тастыктоочу документ (Документ, удостоверяющий личность);
2) Юридикалык жактын же жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (Свидетельство о государственной регистрации юридического лица или ИП);
3) Юридикалык жактын соода объектинде бир же андан ашык контролдук-кассалык машина менен колдонуу боюнча ырастоочу документ (Документ, подтверждающий использование одного и более контрольно-кассовых машин на коммерческих объектах юридических лиц);
4) Юридикалык жактын уюштуруу документтери – мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн (Учредительные документы юридического лица, заверенные печатью)
5) Эгерде арыз, арыз ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан берилсе, лицензия берүүчүгө арызды жана ага тиркелген документтерди берүү укугуна ишеним кат (Доверенность на право подачи заявления и прилагаемых документов лицензиару в случае подачи заявления уполномоченным представителем заявителя).
Алкоголдук продукцияны чекене сатууга жана сактоого лицензия алган субъект төмөнкүдөй жыйым төлөйт:
1) Жеке жактар үчүн 100 эсептик көрсөткүч (Для физических лиц –100 расчетных показателей) 10 000 сом;
2) Юридикалык жактар үчүн (Для юридических лиц): – Соода объектинде бир контролдук-кассалык машина болсо, 200 эсептик көрсөткүч (200 расчетных показателей при наличии одной контрольно-кассовой машины на торговом объекте) 20 000 сом;
– Соода объектинде эки контролдук-кассалык машина болсо, 500 эсептик көрсөткүч (500 расчетных показателей при наличии двух контрольно-кассовых машин на торговом объекте) 50 000 сом;
– Соода объектинде үч же андан ашык контролдук-кассалык машина болсо, 2000 эсептик көрсөткүч (2000 расчетных показателей при наличии трех и более контрольно-кассовых машин на торговом объекте) 200 000 сом.
Суроолор боюнча Жалал-Абад облусу боюнча алкоголдук рынокту
жана тамеки буюмдарын жөнгө салуу жана контролдоо секторунун
башчысы Атчабаров Адел Мелсовичке кайрылуу мүмкүн, байланыш
номери +996(500)-222-600.