Ак-Сай суусуна көпүрө курулуп, эки бөлмөлүү жай салынды
Үч-Терек айыл аймагындагы Чоң-Таш жайлоосуна баруучу Ак-Сай суусуна көпүрө курулуп, алыскы жайлоого баруучу малчыларга көчүп-конууда керектүү буюмдарын сактоо үчүн атайын жеңил конструкцияда эки бөлмөлүү жай салынды. Жергиликтүү бюджеттен көпүрөнү оңдоого 99 миң, жеңил конструкция үчүн 250 миң сом акча каражаты сарпталды.









