Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тарабынан Токтогул шаарынын аймагында жол коопсуздугун камсыздоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесине ылайык жөө жүргүнчүлөргө, айдоочуларга жана жаш өспүрүмдөргө жол чырактарын туура пайдалануу, жөө өтмөктөрдөн өтүү эрежелерин сактоо боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Мындай иш-чаралар жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга жана жарандардын жол коопсуздугу боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Leave a Reply