2024-жылдын 28-майынан 1-июнуна чейин Токтогул райондук маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгынын алкагында балдар жана өспүрүмдөр арасында бокс боюнча облустук мелдеш болуп өттү.
Мелдешке 33 кг салмактан 70 кг салмак категорияларындагы балдар жана өспүрүмдөр катышышты. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, шаардык кеңештин төрагасы М.Борбугулов катышып, мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалашты.
Жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.