Башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

3-июнь 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду.
Райондун тургундары тарабынан майыптуулугу бар балдарга реабилитациялык борбор салуу, бала бакча, электр энергиясы, мектепке каттоо, жер маселелер боюнча кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди.
Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Жарандар коомдук кабылдамага 0 3747 50063 “Ишеним телефону” аркылуу дагы кайрылып, тиешелүү консультациялык жардам алса болорун маалымдайбыз.

Leave a Reply