Бел-Алды, Сары-Сөгөт жана Булак айылдарында жеке ишкерлик менен алектенген жарандарга түшүндүрмөлөр берилди

Токтогул районунун прокуратурасынын демилгеси менен райондун борборунан алыс жайгашкан Бел-Алды, Сары-Сөгөт жана Булак айылдарында жеке ишкерлик менен алектенген жарандарга Токтогул райондук салык кызматынын кызматкерлеринин катышуусу менен жеринде таанышуу жүргузүлүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө”, “Ишкердик субьекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субьектилерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралу”, “Ишкердик субьектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун көрсөтмөсү тууралуу жана ишкердик субьектилеринин укугун коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылар боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Жолугушуу суроо жооптор менен коштолуп ишкерлер өздөрүнө керектүү маалыматтарды ала алышты.

Leave a Reply