Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаевдин прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу прокуратура кызматкерлери!
Сиздерди 22-ноябрь – прокуратура кызматкерлеринин күнү, кыргыз прокуратурасынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы менен куттуктайм!
Кыргыз прокуратурасынын тарыхы да Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн учурдан башталат. Прокуратура кызматы түзүлгөн күндөн баштап прокуратура кызматкерлери мыйзамдын ишенимдүү сакчылары катары коомубузду адилетсиздиктен жана мыйзамсыздыктан коргоп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы туруп келүүдө.
Мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдөгү, укук тартибин жана мыйзамдуулукту бекемдөөдөгү ак ниеттүү эмгегиңиздер үчүн Сиздерге ыраазычылык билдирем.
Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана үй бүлөлүк бакыт каалайм.
Возможно, это изображение 1 человек и текст

Leave a Reply