Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеӊештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” №24 Жарлыгын ишке ашыруу максатында райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында башчы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү.
Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү, Токтогул жалпы дарыгердик практика борборунун директору, Чолпон-Ата, Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов, Бел-Алды, Ничке-Сай, Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештердин төрагалары, аксакал депутаттары, айыл өкмөт башчылары жана Жаӊы-Жол айылдык кеӊешинин, Токтогул шаардык кеӊешинин төрагалары, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары катышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы боюнча Борбордук шайлоо Комиссиясынын Токтогул, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу боюнча атайын өкүлү маалымат берди.
Жыйынтыгында айыл өкмөт башчыларына бириктирилген жергиликтүү кеӊештердин төрагаларын шайлоону бекитилген графикке ылайык уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү жагы тапшырылды.



