3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата тегерек стол өттү

3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында тегерек стол өттү. Тегерек столго райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышышты. Райондун акими А.А.Тюкебаев мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрүлүп жаткан камкордуктарга, колдоолорго токтолуп,…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. Малдарды жана үй канаттууларын кайра саноо жөнүндө маселе каралды. Жыйынга райондогу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар катышты. Күн тартибиндеги маселелер боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.

Толук окуу…

4-декабрь – “Манас” эпосунун күнү белгиленди

4-декабрь – “Манас” эпосунун күнү райондогу билим берүү мекемелеринде жана китепканаларда белгиленди. Бул күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги N 259 токтомунун негизинде белгиленип келет. Бул күндү белгилөөнүн максаты – Манас эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манастаанууну өнүктүрүү болуп эсептелет.

Толук окуу…

“Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакчалар ачылды

Бүгүн А.Суеркулов айыл аймагынын Бел-Алды айылындагы №22 Жамгырканов, Сары-Сөгөт айылындагы №21 Алымбеков мектептеринин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакчалар ачылды. Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, айыл өкмөт башчысы Ө.Жаманкулов, эмгек ардагерлери жана ата-энелер катышты. Кыргыз Республикасынын Билим жана…

Толук окуу…

Элмирбек Иманалиев айыл аймагына грейдер техникасы тапшырылды

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Элмирбек Иманалиев айыл аймагына грейдер техникасын тапшырды. Грейдер техникасы 7 млн сомго сатылып алынды. Каржылоо булагы, райондук өнүктүрүү фодусунан 5 млн сом, “Атайын эсеп” мамлекеттик мекемесинен 1 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом.

Толук окуу…

“Биз зомбулукка каршыбыз” аттуу жөө жүрүш уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрациянын 2024-жылдын 22-ноябрындагы “Зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” аттуу акцияны уюштуруу боюнча бекитилген иш-чаралар планынын негизинде “Биз зомбулукка каршыбыз” аттуу жөө жүрүш уюштурулду. Жүрүшкө № 1 Токтогул, № 2 Ж.Бөкөнбаев, № 28 Т.Ормонбеков мектептеринин окуучулары, райондук мамлекеттик администрациянын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек,…

Толук окуу…

“Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоору жөнүндө жыйын өттү

2024-жылдын 2-декабрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында Дүйнөлүк банк каржылаган “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоору жөнүндө жыйын өттү. Жыйында “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун максаты жана мүмкүнчүлүктөрү туурасында Агробизнестин атаандыштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Беков Торогул Ниязович маалымат берип, дыйкан-фермерлердин суроолоруна жооп берди. Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев,…

Толук окуу…

“Тарыхый акыл-эс агымынын чагылдырылышы” аттуу илимий-практикалык конференция өттү

Тарыхчы, журналист жана публицист, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиевдин катышуусунда анын чыгармаларындагы “Тарыхый акыл-эс агымынын чагылдырылышы” аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарада “Арслан Койчиевдин жаңы кыргыз адабиятына кошкон салымы” жана “Арслан Койчиевдин өмүр сапары” темасында докладдар окулуп, анын “Беделдеги каргыш” (Мисмилдирик) чыгармасынан…

Толук окуу…

Райондун аймагында түнкү рейддер жүргүзүлүүдө

Райондун аймагында түнкү рейддер жүргүзүлүүдө Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулукту, укук бузууларды, жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында түнкү рейддер уюштурулууда.

Толук окуу…

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен биргеликте Токтогул районунун аймагындагы Мүлкүбөт атындагы орто мекетебинде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, зордук-зомбулуктардын, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чарасын жүргүзүштү. Ар кандай кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында кечки рейддер да жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…