Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, акын, жазуучу, журналист Исабек Токтогуловдун 80 жылдыгына карата “Ыр дүйнөгө саякат” аталышындагы адабий кече уюштурулду.
Иш чарада райондук балдар китепканасынын кызматкерлеринин куурчак ийрими автордун “Жетим кыз” жомогунан театралдаштырылган жомок-көрсөтүүсүн жана чыгармаларынан көркөм окууларды тартуулашты.
Райондун акими А.А.Тюкебаев И.Токтогуловдун чыгармачылыктагы эмгегин, өзгөчө райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн басма сөз каражаттарына чагылдыруудагы эмгеги зор экенин баалап, ыраазычылыгын билдирди.
Адабий кечеге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Атантай Акбаров, профессор, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев жана Токтогул шаарынын тургундары катышышты.