Сел алган көчөлөрдүн жолдору калыбына келтирилүүдө

2024-жылдын 23-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Үч-Терек айыл аймагынын Саргата айылынын көчөлөрүнүн жолдорун, көпүрөлөрүп сел алган. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башычы-аким А.Тюкебаевдин тапшырмасы менен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан сел алган көчөлөрдүн жолдорун, көпүрөлөрүн калыбына келтирүү иш-аракеттери жүргүзүлүүдө, жол каттамдары ачылды. Калыбына келтирүү иш-аракетин жүргүзүүгө 17…

Толук окуу…

“Шахмат мектеби” ачылды

2024-жылдын 22-июнунда Токтогул райондук шахмат федерациясы тарабынан “Шахмат мектеби” ачылды. Шахмат-спорттун түрү, көркөм өнөр, илим жана логикалык оюн болуп эсептелет. Шахмат – дүйнөдөгү эң атактуу оюндардын бири, болжол менен 2 миң жыл мурун пайда болгон. Иш-чарага Жалал-Абад областтык, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын шахмат федерациясынын өкүлдөрү А. Макаимов, Т. Романов, М.…

Толук окуу…

23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. 2024-жылдын 21-июнь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Башчы-аким А.Тюкебаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Салтанаттуу иш-чара…

Толук окуу…

“Региондорду өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар” аталышында семинар болуп өттү

“Региондорду өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар” аталышында семинар болуп өттү. Семинарда Кыргызстандагы патент, автордук укук, автордук укук объектилерин каттоо, интеллектуалдык менчик системасы, Кыргызпатенттин пайдалуу моделдерин жана өнөр жай үлгүлөрүн ойлоп табуулар, Кыргызстанда патент системасы жана өтүнмөлөрдү берүүнүн жана патент берүүнүн тартиби жана “40 райондон 40 демилге” долбоору жөнүндө түшүндүрмө…

Толук окуу…

Райондо кезектеги ишембилик уюштурулду

2024-жылдын 15-июнунда райондо кезектеги ишембилик уюштурулду. Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коомдук жайлар тазаланды. Ишембиликке райондогу мекеме, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.

Толук окуу…

Жаш өспүрүм балдар үчүн эки сааттык жайкы эс алуу лагери уюштурулду

Токтогул районундагы №9 И.Умаров, №35 Ж.Чаргынов, №37 С.Чекиров, №15 Даңканай, №14 Жоомарт, №41 Тоялиев атындагы орто мектептеринде жана №3 Ы.Дүйшеев атындагы башталгыч мектебинде USDA МакГоверн-Доул “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасы менен мектептин алдында эки сааттык жайкы эс алуу лагери уюштурулду. Ар бир мектептен экиден мугалим жана китепканачы бирге…

Толук окуу…

Сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү

Токтогул РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагындагы Чычкан суусуна, каналдарга жана сууга түшүүгө кооптуу болгон жерлерге атайын эскертүү тактайчалары орнотулду. Ошондой эле, ата-энелерге жаш өспүрүм балдарын кароосуз өз алдынча сууга түшүүгө жибербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чара жайкы каникул убагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн алдын алуу максатында уюштурулду.

Толук окуу…

Республикалык деңгээлдеги балдар жана өспүрүмдөр арасындагы мелдеш болуп өттү

2024-жылдын 8-9-10-июнь күндөрү Токтогул шаарынын кичи футбол аянтында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгынын алкагында Токтогул районунун оор атлетика боюнча ачык биринчилигинин республикалык деңгээлдеги балдар жана өспүрүмдөр арасындагы мелдеши болуп өттү. Мелдешке Казакстан Республикасынан, Бишкек шаарынан, Ош, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын райондорунан курама…

Толук окуу…

Райондо кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, эс алуу паркы, стадион, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коомдук жайлар тазаланды. Ишембиликке райондогу мекеме, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.

Толук окуу…

Маалымат борбору ачылды

Кетмен-Төбө айыл аймагынын Чолпон-Ата айылында жайгашкан Токтогул атындагы үй музейинде маалымат борбору ачылды. Музейлер ар бир элдин баалуу мурастарын сактаган жана аларды даңазалаган маданияттын ордосу болуп эсептелет. Маалымат борбору үчүн атайын боз үй жайгаштырылып, ичинде улуттук буюмдар менен камсыздалган. Интернет байланышы менен бирге компьютердик техника менен камсыз болду. Райондун аймагында…

Толук окуу…