Кетмен-Дөбө, Абды Сүйөркулов, Элмирбек Иманалиев айыл өкмөттөрүндө Элдик жыйындар өттү

Кетмен-Дөбө, Абды Сүйөркулов, Элмирбек Иманалиев айыл өкмөттөрүндө элдик жыйындар болду. Аталган айыл өкмөттөрдүн жашоочулары менен болгон жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов, райондун акими А.А.Тюкебаев жана райондун бир катар жетекчилери катышышты. Жыйында жергиликтүү жарандар тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, аларды чечүү жолдору каралды.

Толук окуу…

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

21-мартта райондук маданият үйүндө Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, шаардык кеңештин төрагасы М.Борбугулов, аялдар кеңешинин төрайымы Э.Раманкулова майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттукташты. Салтанат майрамдык концерт менен уланды.

Толук окуу…

2024-жылдын 11-мартынан 21-мартына чейин “Эмдөө жумалыгы” жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Кошумча эмдөө жөнүндөгү” №2/093 буйругунун негизинде кызамык вирусунун таралышын азайтуу жана алдын алуу максатында 2024-жылдын 11-мартынан 21-мартына чейин “Эмдөө жумалыгы” жарыяланып, 9 айдан 8 жашка чейинки балдарга кызылча, кызамык ооруларына каршы эмдөө жүргүзүү пландалган. Район боюнча эмдөөдөн өтө турган балдардын саны 12331 баланы түзөт. Эмдөө…

Толук окуу…

Суудагы коопсуз жүрүм-турум жана өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2024-жылдын 15-март күнү Токтогул району боюнча ӨКБнүн офицердик курамы тарабынан райондук жалпы билим берүү орто мектептерине, бала бакчаларга, жаш өспүрүмдөрдүн суудагы коопсуз жүрүм туруму жөнүндө семинарлар жана өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Толук окуу…

Волейбол оюну боюнча аймактык мелдеш өттү

2024-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.01.2021-ж. “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндөгү” №1 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулган окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөрүлгөн спорттун волейбол түрү боюнча аймактык мелдеш Үч-Терек айыл аймагынын Кызыл-Ураан айылынын №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мекемесинде…

Толук окуу…

“Агро диалог-2024” аталышында семинар-кеңешме болуп өттү

Бүгүн райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун жетекчилигинде “Агро диалог-2024” аталышында семинар-кеңешме болуп өттү. Семинарда дыйканчылык, багбанчылык, асыл тукум мал чарбачылыгы, бал аарычылык, кайра иштетүү тармактарындагы алдыңкы тажрыйбайлар райондун дыйкандарына жайылтылды. Россия Федерациясынын “Трейд Агро” компаниясынын расмий дилери А.Л. Витлугаев менен ортомчусуз, сапаттуу минералдык жер семирткичтерди дыйкандарга түз…

Толук окуу…

Мамлекеттик туу күнү белгиленди

3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө карата райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы менен катышуучуларды куттуктады. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду. Мамлекеттик туунун кабыл алынганынын 32 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар райондун аймагындагы бардык…

Толук окуу…

Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тектир айылында айыл элинин ден соолугун чыңдоочу зал ачылды

2-24-жылдын 27-февралында Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тектир айылында, айыл элинин ден соолугун чыңдоочу залы ачылды. Ден соолукту чыңдоо залы Швейцария өкмөтү тарабынан “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору аркылуу каржыланып, айыл эли ден сосолугун чыңдоочу спорттук шаймандар орнотулду. Долбоордун жалпы суммасы 1 млн. 150 миң сомду…

Толук окуу…

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү

21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата райондун аймагында китепканаларда, балдар бакчаларында, мектептерде иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү. Эне тил күнүнө карата ырлар окулуп, макалдар айтылып, концерттик программалар тартууланды.

Толук окуу…

Өрт коопсуздугун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы тарабынан райондун аймагында жайгашкан май куюучу жайларга өрт коопсуздугун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Толук окуу…