Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү

Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Коллегиянын күн тартибинде: 1. 2024-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө маселе каралды. Аталган маселенин экономика тармагы боюнча башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, социалдык тармак боюнча башчы-акимдин орун басары А.Нават кызы маалымат берип, талкууланды. Коллегиянын отуруму башталар…

Толук окуу…

Токтогул РИИБдин Милициянын көчмө кабалдамасы коопсуздукту камсыздоо максатында иш-чара жүргүздү

9-май 2024-жылы Токтогул РИИБдин Милициянын көчмө кабалдамасы менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн бөөдө кырсыктардан, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыздоо максатында райондун аймагында жайгашкан сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге, тактап айтканда көлмөлөрдө, дарыяларда, каналдарда жана жаратылыш эс алуу жайларга жашы жете элек өспүрүмдөрдүн өз алдынча чыгуусуна жол бербөө максатында алдын алууга…

Толук окуу…

Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Токтогул шаарындагы эс алуу багындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгон жоокерлерге багышталып, куран окулуп, залп атылды. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев майрамдык салтанаттын катышуучуларын Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. Райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери патриоттук ырлары менен майрамдык маанай тартуулашты.

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Улуу Ата Мекендик согуштагы оруктун ардагери Чилдебай Орозовду куттуктады

2024-жылдын 8-май күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Улуу Ата Мекендик согуштагы оруктун катышуучусу Чилдебай Орозовдон кабар алып, Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. Райондун башчысы ардагерге КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т. Сыргабаевдин жана өзүнүн акчалай белектерин тапшырып, 9-май Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш күнү менен куттуктап,…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев айыл аймактарында болду

2024-жылдын 7-майында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев айыл аймактарында болду. Башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов тиешелүү мамлекеттик органдар менен Үч-Терек айыл аймагындагы Осмон-Ата суу сактыгычынын абалын жеринен карап чыгып, айыл өкмөт башчысына суу сактагычты айыл өкмөттүн балансына өткөрүп алуусун тапшырды. Ошондой эле Элмирбек Иманалиев…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү

6-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. Коомдук иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздук чараларын көрүү; 2. Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнүн абалы; 3. Билим берүү уюмдарындагы билимдин сапаты жана жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктын жүрүшү; 4. “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында аткарылган иш-аракеттер; 5. Кыргыз Республикасынын…

Толук окуу…

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүздү

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы менен Токтогул шаарынын аймагындагы тургундарга жана соода түйүндөрүнүн ээлерине тоноодон, каракчылыктан, алдамчылыктан сак болуусу үчүн күзөтчүлөрдү, видео байкоолорду орнотуу, короонун айланасын жарыктандыруу, эшик-терезелерге темир торлорду орнотуу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Толук окуу…

Мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча жыйын өттү

29-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында райондун аймактардагы мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча кеңешме жыйыны өттү. Мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков баяндама жасап, имамдардын суроолоруна жооп берди. Кеңешмеге Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков,…

Толук окуу…

Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюшурулду. Райондун тургундары тарабынан ишкерлик кылуу, турак-жайга жер тилкесин бөлдүрүү, таза суу, жер жана социалдык маселелер боюнча кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги Сарпашов Мурсажанды 1-май Эмгекчилердин күнү майрамы менен куттуктады

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А. Тюкебаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы К. Молдогазиев менен Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, 2001-2023-жылдары райондук ардагерлер кеңешин төрагасы болуп иштеген, эмгек ардагери Мурсажан Сарпашовдун үйүнө барып, 1-май Эмгекчилердин күнү майрамы менен куттуктап, майрамдык белектерин тапшырды. Сарпашов Мурсажан коомдук ишмер, “Ардак…

Толук окуу…