Кыргыз ССРнин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамын жайылтуу максатында жана Кыргыз ССРнин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Кыргыз тил жана Айтматов ааламы” аталышында 3 айлыктын алкагында Ч.Айтматов атындагы райондук борборлоштурулган китепканасында…

Толук окуу…

55 үй-бүлөгө көмүр таркатылып берилди.

Кетмен-Дөбө айыл аймагында социалдык коргоого муктаж, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 55 үй-бүлөгө жалпы 20 тонна көмүр таркатылып берилди. Каржылоо жергиликтүү бюджеттен. Кара-Кече көмүр кенинен айыл өкмөтүнүн Ховасы менен ташылып келинди.

Толук окуу…

Токтогул шаарында жайгашкан мончо, мейманканалардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын протоколдук тапшырмасынын негизинде райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан комиссия түзүлүп, Токтогул шаарында жайгашкан мончо, мейманканалардын ээлерине интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкулардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, катталган учурларда өз убагында укук коргоо органдарына маалымат берүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертме баракчалары тапшырылды.

Толук окуу…

25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө, 10-декабрь – Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык күнүнө карата 16 күндүк кампаниянын алкагында иш чара уюштурулду.

25-ноябрь Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө, 10-декабрь Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык күнүнө карата 16 күндүк кампаниянын алкагында “Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү!” аталышында райондук мамлекеттик администрация тарабынан атайын иш-чара уюштурулду. Андан сырткары Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында “Зордук-зомбулукка жол жок!” аталышындагы жыйын…

Толук окуу…

Контролдук-кассалык аппарат боюнча соода түйүндөрүнүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

КР Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул райондук башкармалыгынын кызматкерлери райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы менен биргеликте контролдук-кассалык аппарат боюнча соода түйүндөрүнүн ээлерине түшүндүрүү иш-чарасын жүргүзүшүүдө.

Толук окуу…

Бел- Алды Айыл Өкмөтүндөгү Жаңы-Арык каналынын курулушу

Бел- Алды Айыл Өкмөтүндөгү Жаңы-Арык каналынын курулушу жүрүп жаткандыгы жөнүндө буга чейин маалыматтар берилип келген. Аталган каналдын 400 метр аралыгына темир труба, 150 метр аралыгына асбест труба коюлду. 200 метр аралыктагы канал бетондолуп, 2023-жылга пландалган жумуштар толугу менен аткарылып бүттү. Каналды куруу иштери 2024-жыл ичинде аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.

Толук окуу…

“Улуттук нарк жөнүндө” ПЖ № 157 Жарлыгынын алкагында “Улуттук нарк жана ынтымак кербени” аталыштагы жыйын өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы “Улуттук нарк жөнүндө” ПЖ № 157 Жарлыгынын алкагында “Улуттук нарк жана ынтымак кербени” аталыштагы жыйын Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлдү. Жыйынга Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, КР “Нарктуу аксакалдар ордосу” коомдук бирикмесинин төрагасы Н.Кожогулов, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү…

Толук окуу…

№13 “Балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 250,0 миң сомдук спорттук тренажерлор тапшырылды.

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы №13 “Балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Хельветас институту аркылуу аткарылган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун “Инклюзивдүү өнүгүү” компонентинин алкагындагы 250,0 миң сомдук спорттук тренажерлорун утуп алган. Бүгүн аталган спорттук инвентарларды тапшыруу аземи болуп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун…

Толук окуу…

Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк.

Райондук мамлекеттик администрациянын “Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” акциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы орто мектептерде “Биз зомбулукка каршыбыз”, “Зордук зомбулукка жол жок!” аталышындагы жөө жүрүштөр уюштурулуп, жыйындар өтүүдө. Андан сырткары аялдар кеңештери, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча туруктуу комитеттери менен…

Толук окуу…

“Манастын кырк чоросу” аталышындагы манас айтуучулардын кечеси болуп өттү.

4-декабрь – “Манас” эпосунун күнүнө карата А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө кыргыз элинин руханий баа жеткис мурасы – Манас үчилтиги боюнча “Манастын кырк чоросу” аталышындагы манас айтуучулардын кечеси болуп өттү. Иш чарага райондогу манас айтуучулар, мектеп окуучулары катышышты. Бул күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги N 259 токтомунун негизинде белгиленип келет.…

Толук окуу…