“Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаны иштеп чыгуу” тренинги өтүүдө

Тренингге райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери катышууда. Тренингдин жүрүшүндө Токтогул районунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоо, программаны түзүүгө катышуучулар, анын мазмуну жана түзүмү, программанын максаттарын түзүү ж.б.у.с. маалыматтар угулду. Тренингди Борбордук Азиядагы жергиликтүү башкаруу академиясынын тренерлери өтүүдө.

Толук окуу…

Аким А.Тюкебаев оңдоп-түзөө жана курулуш иштери менен жеринде таанышты

Бүгүн 18-сентябрь 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Абды Суеркулов айыл аймагынын Торкен айылындагы А.Мамыров атындагы орто мектебинин, Кара-Жыгач айылындагы маданият үйүнүн, таза суунун оңдоп-түзөө иштери, Сары-Сөгөт айылындагы ФАПтын оңдоп-түзөө иштери, Жаңы-Арык каналынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып, айыл өкмөт башчысына тиешелүү тапшырмаларын берди.

Толук окуу…

Мектеп окуучуларына ачык эшик күнү уюштурулду

Бүгүн “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” боюнча бир айлык иш-чаранын алкагында Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө жалпы орто билим берүү мектептеринин окуучуларына ачык эшик күнү уюштурулду.

Толук окуу…

Раймамадминистрациянын кичи жыйындар залында коопсуз миграция боюнча маалыматтык жыйын болуп өттү

Райондук мамлекеттик администрациянын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруунун эрежелери, коопсуз эмгек миграциясы, жеке иш берүүчү агенттиктер ж.б.у.с. маселелер жөнүндө маалыматтык жыйын болуп өттү. Жыйынга жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн, миграциялык ресурстар борборунун кызматкерлери, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын, райондук эмгек,…

Толук окуу…

Ак-Тектир айылынын Жаргылчак участкасын электр энергиясы менен камсыз кылып берүү маселеси жеринде каралды

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин дарегине Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Ак-Тектир айылынын тургундары Жаргылчак участкасын электр энергиясы менен камсыз кылып берүү маселеси менен кайрылышкан. Жаргылчак участкасынын тургундарынын кайрылуусун райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев тиешелүү мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчысы менен жеринде карап чыгып, электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн электр мамычаларын…

Толук окуу…

Кетмен-Дөбө айыл аймагында элдик жыйын уюштурулду

2024-жылдын 17-сентябрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кетмен-Дөбө айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, жер, эскилиги жеткен электр мамычалары, таза суу, тазалык боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча раймамадминистрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев,…

Толук окуу…

Раймамадминистрациянын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов мекеме жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына чогулуш өткөрдү

16-сентябрь 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов райондогу тиешелүү мекеме жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына чогулуш өткөрдү. Күн тартибинде: 1. 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине райондун экономикасын, калкын даярдоо; 2. КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” N207 Токтомунун…

Толук окуу…

Раймамадминистрациянын башчысы-аким А.Тюкебаев жарандарды Коомдук кабылдамадан кабыл алды

Бүгүн, 2024-жылдын 16-июнь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары тарабынан жер, жол салуудагы көйгөйлөр жана чалгындоо иштери боюнча маселелер менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн…

Толук окуу…

Райондун аймагында массалык ишембилик өттү

Ишембиликке райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана райондун тургундары катышты. Ишембиликтин алкагында жер-жерлерде мекемелердин жана турак жайлардын, социалдык объектилердин короосу, жол жээктери, көчөлөр тазаланды. Таштандыралды чыгаруу үчүн атайын техникалар тартылып, таштандылар чыгарылууда.

Толук окуу…

Токтогул шаарынын “Кайрак” участкасында ишембилик өткөрүлдү

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин демилгеси менен райондук мекеме, ишкана жетекчилери жана шаар мэри Токтогул шаарынын “Кайрак” участкасында ишембилик уюштурулду. Ишембиликтин жүрүшүндө “Кайрак” участкасындагы бүркүттүн, көпүрөнүн айланасы жана Токтогул- Беш-Таш жолунун жээги тазаланды.

Толук окуу…