Раймамадминистрациянын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов мекеме жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына чогулуш өткөрдү

16-сентябрь 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов райондогу тиешелүү мекеме жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына чогулуш өткөрдү.
Күн тартибинде:
1. 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине райондун экономикасын, калкын даярдоо;
2. КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” N207 Токтомунун аткарылышы жөнүндө маселелер каралды.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына социалдык мекемелерди, калктын аярлуу катмарын көмүр менен камсыздоо, трансформаторлорду райондук электр тармактары ишканасына өткөрүп берүү тапшырмалары берилип, алгылыктуу иш алып барбаган айыл өкмөт башчыларына эскертүүлөр берилди.

Leave a Reply