2024-жылдын 6-июль күнү Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы туристтик кызматтардын көргөзмө-жарманкеси “Эс алуу -2024” иш-чарасын өткөрдү.
Көргөзмөгө Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунан туристтик операторлор жана Нарын, Талас облустарынан ишкерлер катышты.
Көргөзмөгө бал, сүт, кондитердик азыктар жана кол өнөрчүлөрдүн продукциялары коюлду.
Көргөзмө-жарманкеси концерттик программа менен коштолду.